21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Москвада маанилүү чечимдер кабыл алынабы? Садыр Жапаров Россияга эмнеге барды?

Москвада маанилүү чечимдер кабыл алынабы? Садыр Жапаров Россияга эмнеге барды?

• 1 мүнөт окуу • 732 көрүү

Zobolo — Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Россия Федерациясынын Москва шаарына расмий сапар менен барды.

Мамлекет башчысы отурган учак «Внуково 2» эл аралык аэропортуна конду. Аэропорттон Президент Садыр Жапаровду Россия Федерациясынын тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин тосуп алды.

Белгилей кетсек, ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө уюмга мүчө мамлекеттердин лидерлери эл аралык жана аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Ошондой эле сессиялар аралык мезгилдеги уюмдун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары чыгарылып, жамааттык коопсуздукту мындан ары чыңдоо боюнча маанилүү чаралар каралмакчы.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар