Тыюу салынган диний уюмдун жети мүчөсү кармалды
Zobolo — Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында соттун чечими менен ишмердүүлүгүнө тыюу салынган «Иеговист-Ильинчилер» уюмунун жети мүчөсү кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) маалымдады.

Маалыматка ылайык, кармалган жети жаран тыюу салынган уюмдун идеяларын үгүттөп, таратып жана жайылтып жүргөн. Шектүүлөрдүн жашаган жерлерин тинтүү учурунда тиешелүү идеологиялык адабияттар жана материалдар табылып, алынган.
Азыркы учурда кармалган адамдарга карата тергөө иштери жүргүзүлүүдө. УКМК жарандарга мыйзам менен тыюу салынган жана экстремисттик багыттагы ишмердүүлүккө катышуу кылмыш жоопкерчилигине алып келерин дагы бир жолу эскертти.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Окшош жаңылыктар
•1 мүнөт окуу
Чүйдө кум-шагыл казган ишкерден 100 миң доллар опузалап талап кылган эки шектүү кармалды
Zobolo
229
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү