21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Президенттик жарышка түшкөн Амур Айба Медердин жети жылдызы жаркырайбы?

Президенттик жарышка түшкөн Амур Айба Медердин жети жылдызы жаркырайбы?

• 1 мүнөт окуу • 706 көрүү

Zobolo — Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкерлердин катары толукталууда.

Бүгүн, 11-ноябрда Амур Айба Медер Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде президенттик кызматка талапкер болуу тууралуу арызын тапшырды.

Ачык реестрлердин маалыматына таянсак, Амур Айба Медер 2012-жылдын сентябрында катталган нефтепродуктарды өндүрүү жана кайра иштетүү менен алектенген «БОйл» ОсООсунун жетекчиси катары көрсөтүлгөн.

Ошондой эле, ал 2008-жылдын март айында катталган, туристтик агенттиктердин ишмердүүлүгү боюнча адистешкен «Жети Жылдыз» ОсООсун дагы жетектейт.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар