Кышында электр жарыгы өчүрүлөбү?
Бул суроого энергетика министри Алтынбек Рысбеков парламенттин тармактык комитетинин жыйынында жооп берди. Анын айтымында, күз-кыш мезгилине карата пландалган даярдык иштери толугу менен аткарылууда.
"Пландуу өчүрүү же керектөөгө чектөө киргизүү каралган жок. Бирок электр энергиясынын тартыштыгы бар. Аны жабуу үчүн быйыл 4 миллиард киловатт-сааттан ашык электр энергиясын сырттан импорттоо пландалган", — деди өз сөзүндө министр.
Рысбеков кошумчалагандай, таңкы жана кечки максималдуу керектөө маалында абал татаалдашы ыктымал. Мындай маалда электр энергиясын сатып жаткан өнөктөш өлкөлөрдүн өздөрүндө да керектөө өсүп, Кыргызстанга кошумча кубаттуулук берүү мүмкүнчүлүгү чектелип калышы мүмкүн.
Ошондой эле Рысбеков бул кышта калкка 5 киловаттык лимит киргизүү пландалбаганын, бирок кубаттуулук кескин тартыш болгон учурларда убактылуу гана чектөөлөр киргизилиши мүмкүндүгүн баса белгиледи.
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү