Аба ырайы 12-ноябрга кандай сюрприз даярдады? Кыш кылычын көтөрүп келе жатат
Zobolo — Эртең өлкөнүн айрым аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Тактап айтканда, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу болоору болжолдонууда.
Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетип, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин күчөшү ыктымал.
🌡 Региондор боюнча абанын температурасы:
-
Бишкек шаары: Түнкүсүн 0…+2°, күндүз +5…+7° жылуу (түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт).
-
Чүй облусу: Түнкүсүн -2…+3°, күндүз +2…+7°.
-
Талас облусу: Түнкүсүн -5…0°, күндүз +1…+6°.
-
Ош жана Жалал-Абад облустары: Түнкүсүн +1…+6°, күндүз +4…+9°.
-
Баткен облусу: Түнкүсүн +1…+6°, күндүз +4…+9°.
-
Ысык-Көл облусу: Түнкүсүн -4…+1°, күндүз +4…+9° (Чолпон-Ата шаарында мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт, температура түнкүсүн -1…+1°, күндүз +7…+9°).
-
Нарын облусу: Түнкүсүн -6…-1°, күндүз +3…+8°.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү