21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
ӨКМ: 15 жаштагы Амирди издөө кечигип башталган деген маалымат чындыкка дал келбейт

ӨКМ: 15 жаштагы Амирди издөө кечигип башталган деген маалымат чындыкка дал келбейт

• 1 мүнөт окуу • 462 көрүү

Zobolo — ӨКМ куткаруучулары 15 жаштагы Амир чалгандан кийин эле издөө иштерине дароо киришкен. Бул тууралуу министрлик билдирип, Ала-Арча жаратылыш паркында 7-ноябрда жоголуп кеткен 15 жаштагы баланы издөө кечигип башталган деген маалыматтарды четке какты.

Эске сала кетсек, өспүрүм 7-ноябрда саат 07:00 чамасында үйүнөн чыгып, Ала-Арчада өтө турган чуркоо мелдешине катышуу үчүн барган. Бирок жаш курагы жетпегендиктен аны мелдешке катыштырбай коюшкан соң ал Адыгине капчыгайы тарапка жалгыз багыт алган.

Өспүрүмдүн жакындарынын маалыматы боюнча, ошол эле кечте саат 19:00–20:00дөр аралыгында бала ӨКМге байланышка чыгып, адашып калганын билдирген. Андан кийин аны менен байланыш үзүлгөн.

Ал эми ӨКМдин маалыматына таянсак, чалуу 7-ноябрда саат 23:44тө түшкөн. Өспүрүм Адыгине капчыгайынан түшүп келе жатып адашып калганын кабарлаган. Ошол замат окуя болгон жерге беш куткаруучу жөнөп кеткен.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар