Кыргыз-тажик чек арасында 327 чакырымдан ашык тосмо орнотулду
Zobolo — Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесин инженердик жактан жабдуу иштери толугу менен аяктады. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2025–2026-жылдары Баткен жана Лейлек райондорунда жалпы узундугу 327,7 чакырымдан ашык чек ара тосмолору орнотулду. Ошондой эле чек арага жетүүнү жана аскердик техниканын жүрүшүн камсыз кылуу үчүн 338,5 чакырым талаа жолу салынды.
Иштер тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарда да жүргүзүлүп, ага Мамлекеттик чек ара кызматы менен бирге бир катар мамлекеттик органдардын кызматкерлери катышкан.
Чек ара кызматынын төрагасы Данияр Сатимов белгилегендей, коюлган милдет толук аткарылып, жүргүзүлгөн иштер өлкөнүн коопсуздугун бекемдөөгө жана чек арага чектеш аймактарда туруктуулукту камсыз кылууга багытталган.
Иштерге катышкан аскер кызматчылары жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери президент Садыр Жапаровдун атынан сыйланышкан.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү