Курал-жарак, диний адабияттар жана кастык: Казакстанда мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылгандар кармалды
Zobolo — Казакстанда өлкөдөгү конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүнү көздөгөн топтун аракеттерине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитети (УКК) маалымдады.
Маалыматка ылайык, УКК кызматкерлери тарабынан Атырау шаарында атайын операция жүргүзүлүп, жыйынтыгында 10 адам кармалды. Тергөөчүлөрдүн болжолдуу версиясы боюнча, бул топ Казакстандын батыш аймагында бийликти күч менен басып алууну пландаган.
Кармалгандарга карата бир катар оор беренелер боюнча айып тагылууда: алар экстремисттик топту түзүү, ага жетекчилик кылуу жана анын ишине катышуу, ошондой эле терроризмди жайылтуу жана диний кастыкты козутууга шектелүүдө.
Тинтүү учурунда шектүүлөрдөн ар кандай курал-жарактар, диний адабияттар, буюмдар, баңгизаттар жана кылмышка тиешелүү башка далил заттар алынды. Учурда тергөө иштери улантылууда.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү