Садыр Жапаров: Күнүнө 4 саат гана уктайм
Zobolo — Президент Садыр Жапаров Базар-Коргон районунун тургундары менен жолугушуп, өлкөдөгү көйгөйлөрдү талкуулады. Жолугушууда калк кайрылууларын айтып, мамлекет башчысы графигинин тыгыз экенин баса белгиледи.
Жергиликтүү тургундардын бири президенттин кабыл алуусуна үч жолу кирүүгө аракет кылып, бирок кире албай жатканына даттанган. Ошондой эле ал УКМКнын облустук башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Каныбек Досмамбетовго жакын кызматкерлер адамдарды мыйзамсыз кармап, "мамлекеттин пайдасына" деп акча талап кылганын, бирок эч кандай квитанция же сот чечими берилбегенин билдирди.
Садыр Жапаров бул маселени катуу көзөмөлгө алып, күч түзүмдөрүнө толук териштирүү жүргүзүүнү тапшырды. Ошол эле учурда графиги тууралуу төмөнкүлөрдү айтты:
"Көйгөйү бар ар бир адамды жеке өзүм кабыл ала албайм. Менин так иш графигим бар. Сутканын 24 саатынын төрт саатын гана уктап, калган убактымды толугу менен ишке жумшайм", — деди президент.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү