21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Сарамжалдуулук көчмөн маданиятынын түпкү өзөгү экенин билесизби?

Сарамжалдуулук көчмөн маданиятынын түпкү өзөгү экенин билесизби?

• 2 мүнөт окуу • 247 көрүү

Zobolo — Кыргыз элинин турмуш-тиричилиги, дүйнө таанымы жана табиятка болгон мамилеси ар дайым терең философияга сугарылган. Ата-бабаларыбыз жаратылыштан баштап күнүмдүк турмушта колдонгөн ар бир буюмуна, мал чарбачылыгына жана азык-түлүккө өтө сарамжалдуу, аяр мамиле жасашкан. Бул сапаттар алардын жашоо-турмушун гана сактап калбастан, айлана-чөйрө менен гармонияда жашоонун үлгүсүн көрсөткөн.

Жаратылышты "эне" деп ардактоо

Кыргыздар жерди «Жер Эне» деп атап, сууга өзгөчө кастарлоо менен мамиле кылышкан. "Суу сыйлаган зор болор, суу кордогон кор болор", "булактын көзүн бүтөбө", "суунун сурагы бар" деген сыяктуу түшүнүктөр элибизде жер каймактаган мезгилде эле калыптанган. Бул тыюулар менен каадалар суу ресурстарын жана табият байлыктарын көздүн карегиндей сактоого шарт түзгөн.

Көчмөн философиясы жана жайытты туура пайдалануу

Кыргыз элинин табият мыйзамына баш ийген көчмөн чарбасы акылга сыярлык логикага негизделген. Маселен, мезгилдин алмашуусуна жараша жайыттарды колдонуу ыкмасы мунун далили:

  • Жаздоо: Тоонун күн тийген күнгөй беттерин тандап, ал жакка көчүшкөн;
  • Жайлоо: Андан соң бийик тоолуу жайлоолорго чыгышкан;
  • Күздөө: Күн ысыгы кайтып, салкындай түшкөндө тоонун тескейине түшүшкөн;
  • Кыштоо: Кышында шамалдан далдоо, мал карды тээп оттой ала турган ыңгайлуу жерлер тандалган.

Мындай системалуу көчүү жайыттардын эс алып, кайра калыбына келишине шарт түзүп, экосистемага зыян келтирген эмес. Калкыбыздагы "Жаман уй жайытын бир күндө түгөтөт" деген макал ысырапчылык, акылсыздык катары бааланганын айгинелейт.

Муздаткыч жок замандагы «карыз тамак» салты

Күнүмдүк турмушта да ысырапкерчиликке жол берилген эмес. Айрыкча эт азыктарын сактоо кыйын болгон ысык мезгилдерде кыргыздар «карыз тамак» деген уникалдуу жолду колдонушкан.

Бул салт боюнча, бир үй-бүлө мал союп, кошуна-колоңун конокко чакырган. Алар баарлашып, курсактарын тойгузуп тарашкан. Эртеси күнү башка бир үй-бүлө ушундай эле дасторкон уюштурган. Мунун натыйжасында азык-түлүк ысырап болбой, биргелешкен ынтымак жана өз ара колдоо күчөгөн.

Көчмөн турмуштун жөнөкөйлүгү жана кийим-кечеси

Көчмөн кыргыздардын чарбачылыгында ашыкча буюм топтоо адат болгон эмес. Кийим-кечеги да, буюмдары да көчүп-конууга ыңгайланып, зарылдыгына жараша гана жасалган. Бул дагы болсо алардын турмуштагы ашыкча чыгымдан качып, ар бир нерсенин кадырын билгенин түшүндүрүп турат.

Кыргыздардын кылымдар бою калыптанган сарамжалдуулук маданияты бүгүнкү күндө да өзгөчө мааниге ээ болгон чоң акылмандык. Табиятты сыйлоо, ысырапкерчиликтен качуу жана бири-бирине камкордук көрүү ата-бабалардан калган эң баалуу мурас жана келечек муунга калтырчу чоң сабак.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар