Адам тарбиялоо – искусство: Таенемдин накыл кептери
"Эң көп сагынган адамым таенем. Кээде аны эстеп ыйлап алам, жоктойм. Өткөн жашоомду эстесем мени жүрөгүнө батырып, накыл кептери менен жан дүйнөмө азык берип жүргөн экен" деп сөз баштаган психолог Зарима Игамбердиеванын балалыктын жылуу элестерине жана улуттук тарбияга арналган жүрөк козгогон макаласын окурмандардын назарына сунуштайбыз.
Zobolo — Жаш кезде уккан сөздөрдүн баарын толук түшүнө бербейт экенсиң, бирок жаш өткөн сайын таенемдин адамдык бийиктигине көбүрөөк суктанып келе жатам.
Каникул учурунда айылга баруу мен үчүн чоң бакыт болчу. Баргандан кийин кайра шаарга кетким келбей “каникул бүтпөсө экен” деп тилечүмүн. Анткени, таенемдин ар бир айткан жылуу сөзү, мээрим менен жасаган мамилеси өзүнө тартып турар эле.
Балалыктын сабактары же оюндан тарбияга карай жол
Кызыктуу оюн: Бир күнү биз (неберелер) балалык кылып иштен качып, оюнга берилип кетиптирбиз. Үйгө кайтып келсек таенем “силерге дагы бир кызыктуу оюн таап берем” деп, колубузга кап карматып, гөң терип келүүнү тапшырды. Дароо эле “ким көбүрөөк терип келет экен?” деп бири-бирибизге атаандашып, көп гөң чогултуу кызыгуу жаратып, жалкоолугубуз унутулуп кетчү.
Алгачкы ашпозчулук тажрыйба: Дагы бир күнү таенем экөөбүзгө кечки тамак жасагым келди. Өзүмдү чоң бир иш кылып жаткандай сезип, керектүү азыктын баарын даярдап, эшиктеги очокко тамак бышырдым. Азыр эстесем күлкүм келет. Тамактын көрүнүшү татымдуу болгону менен тузун ашыкча салып коюптурмун. Анысы аз келгенсип, эки кишиге бир казанга толтуруп тамак жасап алганымды кантейин.
Ичимден “таенем азыр эмне дээр экен, сөзсүз тил угам” деп ойлодум. Бирок ал мени жылмаюу менен карап, кичинекей аракетимди баалады. Жемелебестен, жөн гана тамактын тузу көп болуп кеткенин айтты. Бир күн убакыт өткөндөн кийин: "Кызым, тамакты адамдын санына карап ченем менен жасаганды үйрөн. Ашыкча ысырапкорчулук адамга пайда эмес, зыян алып келет" деп насаатын айтты.
Бүгүнкү күндүн терминдери менен айтканда, таенемдин адамдар менен болгон коммуникациясы, толеранттуулугу, эмпатиясы жана эмоционалдык интеллекти жогору болгон экен. Себеби, ар бир киши менен чын-жүрөктөн кобурашып, мамиле кылганды билген үчүн таенем менен сүйлөшүп, гүлдөп турган короосун көрүү максатында конок келбеген күн болчу эмес.
Таенемдин нарктуулугу...
● Конок күтүү: Үйгө конок келсе "канча бут кирсе, ошончо кут кирет" деген ишеним менен конокту дароо төргө өткөрүп, ак дасторконун жайып, нан ооз тийдирмейинче кетирчү эмес.
● Ушактан алыс болуу: Эгер бирөөлөрдүн келишпестигине күбө болсоң, "ушакчыдан көчө кач" дегендей, биринин сөзүн бирине жеткирбе, урушту күчөтөсүң деп тарбиялачу.
● Эрте турмуш: Эртең менен эрте туруп, иштериңди бүтүрүп алсаң, үйгө кут кирет деп мени ар дайым эрте тургузчу.
● Улууну урматтоо: "Бата менен эл көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт" деген макалды көп кайталап, улууну урматтап, батасын алып жүрүүнү эскертчү.
● Эмгекти сүйүү: "Бекерчиден безе кач" дегендей, барган жериңди эмгегиң менен гүлдөтөсүң, жалкоо болбо деп эмгекке багыттап тураар эле.
Кыргыз маданиятынын уңгусу
-
"Улуу киши жумуш жасап жатса, колунан ишти ала калып, урмат көрсөт";
-
"Калпак же башка баш кийимди бийик жерге кой, тебелендиге таштаба";
-
"Адамды аттап өтпө, кээ бир адамдарга тең келбе, анча-мынча жерде ийменип кой" ж.б.у.с. кыргыз маданиятын үйрөтүп келген.
Таенем басса-турса колуна суу куюп, жөлөп тургузуп койгонум үчүн "колуң дарт көрбөсүн, бактылуу бол, кызым" деп дайыма батасын берип турчу.
Өзгөчө, насаат айтарда бизди кагып-силкпестен, басып сүйлөбөй, эмгекке кызыктырып тарбиялаганын эми түшүнүп отурам. Эмоцияга алдырып кыйкырганын көрбөптүрмүн. Ойлоп көрсөм, таенем адамдын ички дүйнөсүн көрө билген, жан дүйнөсү бай инсан болгон экен. Ал адамдын жанында өзүмдү акылсыз, пайдасыз, алсыз сезген эмесмин.
Жашоонун ар тарабын көргөн сайын, таенемдин акылмандуулугуна, моралдык күчүнө жана адамгерчилигине урмат-сыйым артып келет.
Үй-бүлө – тарбиянын очогу
Демек, биз илгерки адамдардын насаатын четке какпай, мурастап жүрүшүбүз керек тура. Таенем мага улуттун баалуулуктарын ачып бергендей, мен да балдарыма кыргыз маданиятын үйрөтүү менен тарбия бергим келет. Анткени биздин маданиятта "мамиле" бийик турат.
Таң калтырганы, жашоо түйшүгү менен 14 баланы тарбиялап өстүрдү. Мен болсо үч баламдын алдында турган жоопкерчилигимди татыктуу аткарсам экен деп Жаратканымдан күн сайын тилеп келем.
Нарктуулук үй-бүлөдөн башталат дегендей, адеп-ахлакты, жоопкерчиликти, жашоодогу аткаруучу милдетимди акыл-оюма салып кетти.
Асылдай болгон таенем улуттун уңгусун улап, неберелерине жасаган таасирдүү эмгеги менен кыргыздын нарктуу айымдарынын катарын толуктайт.
Таенемдин көзү өтүп кеткенине карабастан, ар бир насаат сөзү бүгүнкү күнгө чейин жүрөгүмдө жашап келет.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер (1)
👍👍👍
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү