21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Биримдиктин бекем түптөрү: Кыргыздагы ашар, ынтымак, ыража жана шерине салты эмнени кабарлайт?

Биримдиктин бекем түптөрү: Кыргыздагы ашар, ынтымак, ыража жана шерине салты эмнени кабарлайт?

• 2 мүнөт окуу • 311 көрүү

Zobolo — Кыргыз элинин салтында адамдардын бири-бирине камкордук көрүүсү, оор күндө колдоо көрсөтүүсү жана коомдук биримдиги ар дайым өзгөчө мааниге ээ болгон. Заман өзгөрүп, турмуш башка нукка бурулса дагы ата-бабадан калган салт-санаалар түпкү маңызын жоготпой, кайрадан жанданып келет. Алардын ичинен элибиздин ынтымагын бекемдеген эң баалуу салттардын катарына ынтымак, ашар, ыража жана шерине кирет. Бул түшүнүктөрдүн ар биринин өз орду, калыптанган мааниси жана аткарган милдети бар.

1. Ынтымак — жеке адамдын көйгөйүн жалпылап чечүү

Адатта, "ынтымак" деп жеке бир кишинин же үй-бүлөнүн чарбалык жумушун коомчулук болуп акы албай, милдет кылбай бүткөрүп берүүсүн айтабыз. Көбүнчө үйдүн дубалын көтөрүү, чатырын жабуу, мал кайтаруу же эгин жыйноо сыяктуу оор иштерде кошуналар, туугандар жана достор жапа тырмак жардамга келишип, бири-бирине болгон жөлөк-таягын көрсөтүшөт.

2. Ашар — жалпы элге кызмат кылган чоң иш

Эгер ынтымак жеке адамга багытталса, ашар — бул бүтүндөй бир калкка же коомго тиешелүү маселени чечүүдө жумурай журттун жапа тырмак киришүүсү. Мисалы, жол куруу, булак тазалоо, арык казуу, көпүрө салуу же мечит, мектеп сыяктуу социалдык объектилерди тургузуу ашар жолу менен ишке ашат. Ашар аркылуу бүткөн иш бир гана үй-бүлөгө эмес, бүтүндөй бир айылга, шаарга же чоң топко пайдасын тийгизет.

3. Ыража — жамандык-жакшылыктагы колдоо

Ыража — бул туугандар, кошуналар, достор же классташтар арасындагы жөрөлгө. Үй-бүлөдө боло турган той-аш же кайгылуу күндөрдө бири-бирине көрсөтүлгөн материалдык жана моралдык жардам. Заман талабына жараша азыркы учурда бул жөрөлгө көбүнчө белгиленген акчалай кошумча же колдоо катары калыптанып калды.

4. Шерине — катташуунун жана биримдиктин салтанаты

Күнүмдүк тиричиликтин түйшүгү менен алаксып жүрүп, тууган-урук же достор айлап-жылдап жолукпай калбашы үчүн шерине салты түзүлгөн. Катышуучулар ортого белгилүү бир сумма чыгарып же келишимдин негизинде кезектешип чогулуп турушат. Бул жөн гана тамак ичүү эмес, адамдардын маектешип, аба кат алышып, бири-биринин кабарын билүүчү маанилүү салтанаттуу жолугушуу болуп саналат.

Бул аракеттердин баардыгынын түпкүрүндө бирдиктүүлүк, кайрымдуулук жана адамгерчилик жатат. Бүгүнкү тез темпте өнүккөн дүйнөдө ушундай баалуулуктарды сактап калуу — коомдун ынтымагын бекемдеп, ар бир инсандын жалгыз эместигин сездирүүчү чоң күч болуп саналат.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар