Инфекциялык ооруканага ооругандар батпай жатабы? Сак болгула, оору күчөп бара жатат!
Zobolo — КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти курч респиратордук вирустук инфекциялардын (КРВИ), сасык тумоонун жана коронавирус инфекциясынын жайылышына жума сайын мониторинг жүргүзүүнү улантууда.
Ыкчам маалыматтарга ылайык, 2026-жылдын 45-жумасында (02.11.26–08.11.26) республика боюнча КРВИ жана сасык тумоонун 10,900 учуру катталган (интенсивдүү көрсөткүчү – 148,4). Бул көрсөткүч өткөн жумага (44-жумада интенсивдүү көрсөткүч – 142,1) салыштырмалуу 4,4%га, ал эми 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,6 эсеге жогору.
Ооругандардын жалпы санынын 71,1%ын 14 жашка чейинки балдар түзөт (7 752 учур).
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында тандалма эпидемиологиялык көзөмөл уланууда.
Лабораториялык мониторингдин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 40–45-жумаларында алынган 464 үлгүнүн 9,7%ы (55 үлгү) оң жыйынтык көрсөткөн.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү