Бишкекте вакциналарды сактоочу жаңы кампа ачылды
Zobolo — Бишкекте иммундук-профилактикалык каражаттарды сактоого арналган жаңы кампа ишке берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен маалымдашты.
Министрликтин берген маалыматына ылайык, жалпы аянты 130 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имарат нөлдөн баштап толугу менен жаңы курулган. Долбоордун жалпы наркы 10 миллион сомго жакындады.
Жаңы кампа эмдөө үчүн зарыл болгон вакциналарды жана тиешелүү дары-дармектерди тийиштүү талаптарга ылайык сактоого багытталган. Бул жерде болжол менен 350 миң балага эсептелген вакцина корун жайгаштырууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Вакциналарды сактоо үчүн заманбап шарт түзүү алардын сапатын жана коопсуздугун камсыз кылууга, ошондой эле калкты иммундаштыруу системасынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет, — деп белгиледи саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү