21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Ошто дарыгерлер калемдин капкагын жутуп алган 3 жашар баланын өмүрүн сактап калышты

Ошто дарыгерлер калемдин капкагын жутуп алган 3 жашар баланын өмүрүн сактап калышты

• 1 мүнөт окуу • 132 көрүү

Zobolo — Ош облусунда калемдин капкагын жутуп алган үч жаштагы наристе дарыгерлердин тез арада жасаган операциясынын аркасында аман калды. Бул тууралуу Оштогу облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынан билдиришти.

Окуя 10-ноябрдын түнү катталып, баланы алгач Кара-Суу аймактык ооруканасына алып барышкан. Ош шаарынан тез арада жетип келген дарыгерлер бронхоскопия ыкмасын колдонуп, наристенин тыгылып калган капкагын ийгиликтүү чыгарып алышкан. Учурда бөбөктүн абалы жакшырып, дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланып жатат.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар