Фастфуд жана үйдөгү консервалар эмнеге коркунучтуу? Кыргызстанда 9 айда жүздөгөн адамдар ууланды
Zobolo — Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 9 айында тамак-аштан уулануу боюнча 216 кайрылуу катталып, 624 киши жабыркады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Гульбара Ишенапысова билдирди.
Анын айтымында, уулануулардын көбү Бишкек шаарында катталган (169 учур), ал эми калган аймактарда 64 учур катталган.
Уулануунун негизги очоктору:
-
42% — коомдук тамактануу объекттери;
-
24% — фастфуд түйүндөрү;
-
19% — үй шартында;
-
15% — соода түйүндөрү.
Ошондой эле өлкөдө ботулизм учурлары катталып жатат. 9 айдын ичинде бул оорудан 2 адам каза болгон (былтыр 5 өлүм катталган). Негизинен ботулизм үй шартындагы консерваланган азыктардан жугат.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Окшош жаңылыктар
•1 мүнөт окуу
«Ала-Тоо Резорт» курортунун ачылышында Кайрат Нуртас менен Уилли Уильям обон созот
Zobolo
280
•1 мүнөт окуу
Тарыхый ийгилик! Кыргызстандын эки академиясы АФКнын элиталык макамына ээ болду
Zobolo
135
•1 мүнөт окуу
Ошто дарыгерлер калемдин капкагын жутуп алган 3 жашар баланын өмүрүн сактап калышты
Zobolo
132
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү