21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Тарыхый ийгилик! Кыргызстандын эки академиясы АФКнын элиталык макамына ээ болду

Тарыхый ийгилик! Кыргызстандын эки академиясы АФКнын элиталык макамына ээ болду

• 1 мүнөт окуу • 135 көрүү

Zobolo — Кыргыз футбол биримдиги Азия футбол конфедерациясынын (AFC) абройлуу жаштар программасы болгон AFC Elite Youth Scheme программасынын толук мүчөсү болуп, АФКдан «Эки жылдыз» деңгээлиндеги статус алды. Аны менен катар улуттук академиялар төмөнкү жогорку макамдарга ээ болушту:

  • «Достук» улуттук футбол академиясы — «Үч жылдыз»;

  • Асылбек Момунов атындагы футбол академиясы — «Эки жылдыз».

Бул макам Индия, Малайзия, Оман, Тажикистан, Иордания жана Сауд Арабиясы сыяктуу АФКга мүчө мамлекеттердин алдыңкы академияларына гана берилет.

АФКнын баалоосу боюнча, Кыргызстандагы узак мөөнөттүү өнүгүү стратегиясы, жаштар мелдештери, таланттарды аныктоо системасы жана инфраструктурага салынган инвестициялар элиталык жаштар футболун өнүктүрүүгө чоң салым кошууда.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар