21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
«Достук» командасы кыргыз кыздар арасындагы футбол чемпионатынын жеңүүчүсү болду

«Достук» командасы кыргыз кыздар арасындагы футбол чемпионатынын жеңүүчүсү болду

• 1 мүнөт окуу • 109 көрүү

Zobolo — Кечээ, 6-ноябрда Кыргыз Республикасынын футбол боюнча айымдар арасындагы чемпионаты жыйынтыкталды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги маалымдады.

Чемпионат жалпысынан 2 айлампада жана 12 турдан туруп, абдан кызыктуу өттү. Чечүүчү беттеште турнирдик жадыбалдын сап башында келе жаткан «Достук» жана «Азиягол-СИ» командалары чемпиондук наам үчүн кез келишти. Таймаш «Достук» командасынын 2:0 эсебиндеги жеңиши менен аяктады. Мунун натыйжасында «Достук» атаандашынан 1 упай айырмачылыгы менен озуп чыгып, чемпиондукту камсыздады.

Улуттук футбол академиясынын атынан катышкан «Достук» кыздары сезон бою туруктуу жана ийгиликтүү оюн көрсөтүп, өлкө чемпиондугун багындырышты.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча байгелүү орундарды ээлеген командалар:

  • «Достук» - 31 упай, Бишкек шаары;

  • «Азиягол-СИ» - 28 упай, Бишкек шаары;

  • «Илбирс» - 25 упай, Бишкек шаары.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземинде медалдарды жана Кубокту Кыргыз Республикасынын айымдар футбол ассоциациясынын Президенти Салтанат Эгембердиева менен Вице-президент Айдана Оторбаева салтанаттуу түрдө тапшырышты.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар