21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Кыргызстанда калктын иммунитети кайрадан текшерилет

Кыргызстанда калктын иммунитети кайрадан текшерилет

• 1 мүнөт окуу • 179 көрүү

Zobolo — Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги калктын бир катар жугуштуу ооруларга каршы иммунитетинин деңгээлин изилдөөгө багытталган популяциялык сероэпидемиологиялык изилдөөнүн жаңы этабын баштоодо

Изилдөө 2026–2028-жылдарга карата эл аралык программанын алкагында Пастер атындагы Эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө институту (Роспотребнадзор) менен биргеликте жүргүзүлүүдө.

Изилдөөнүн жүрүшүндө кызамык, көк жөтөл, дифтерия, селейме жана суу чечек ооруларына каршы калктын иммунитетинин деңгээлин баалоо, ошондой эле айрым зооноздук жана табигый очоктуу инфекциялардын таралышын изилдөө пландалууда.

Изилдөөнүн мурунку этабына (2023–2025-жылдар) Кыргызстанда 6,617 ыктыярчы катышкан. Алынган жыйынтыктар иммунитетинин деңгээли жетишсиз болгон калктын топторун аныктоого жана жугуштуу оорулардын алдын алуу чараларын өркүндөтүүнүн багыттарын белгилөөгө жардам берген.

Кыргыз Республикасынын тургундарын изилдөөгө катышууга чакырабыз! Сиздин катышууңуз жамааттык иммунитеттин абалы жөнүндө маанилүү маалыматтарды алууга жана өлкөнүн эпидемиологиялык коопсуздугун чыңдоого салым кошууга жардам берет.

Изилдөө тууралуу кененирээк маалымат алып, катышуу шарттары менен төмөнкү шилтеме аркылуу тааныша аласыз:

https://vezca.pasteurorg.ru/all_antitela.php?reg_id=102

Изилдөөнүн жаңы этабынын жыйынтыктары калктын иммунитетинин деңгээлиндеги өзгөрүүлөрдү баалоого, эпидемиологиялык кырдаалды болжолдоого жана өлкөдө жугуштуу оорулардын алдын алуу чараларын өркүндөтүүгө мүмкүндүк берет.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар