21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Кыргыз медицинасы саясатты жана дарылоо ыкмаларын кантип өзгөртөт?

Кыргыз медицинасы саясатты жана дарылоо ыкмаларын кантип өзгөртөт?

• 1 мүнөт окуу • 58 көрүү

Zobolo — Кечээ, 11-ноябрда Бишкек шаарында Тынчтык жана өнүгүү үчүн бүткүл дүйнөлүк илим күнүнө жана Кыргыз Республикасынын Илим күнүнө карата «Саламаттык сактоону өнүктүрүү үчүн илимий изилдөөлөр: далилдерден саясатка жана практикага чейин» аттуу тегерек стол болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Саламаттыкты сактоо министри медициналык илимди өнүктүрүүгө, илимий-изилдөө потенциалын чыңдоого жана өлкөнүн саламаттык сактоо системасына далилдүү ыкмаларды киргизүүгө өзгөчө көңүл буруларын билдирди.

Тегерек столго мамлекеттик органдардын, илимий жана билим берүү мекемелеринин, медициналык коомчулуктун, эл аралык уюмдардын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышып, илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын практикага колдонуу маселелерин талкуулашты.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар