Бишкек ЖЭБинде 259 миң тоннадан ашык көмүр бар
Zobolo — 2026-жылдын 20-октябрына карата Бишкек жылуулук электр борбору штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, станциянын орточо электр кубаттуулугу 160 МВтты түзөт. Электр энергиясын өндүрүү көлөмү 3,851 млн кВт/саат, ал эми жылуулук энергиясын берүү 2,4 миң Гкал болгон.
ЖЭБде жалпысынан 15 казан агрегаты, туурасынан байланышкан 7 турбоагрегат жана №3, №4 эки энергоблок бар.
Учурда 3 казан агрегаты, 2 турбоагрегат жана №3, №4 энергоблоктор иштеп жатат. Үч казан агрегаты жана үч турбоагрегат оңдоодо, калган 9 казан агрегаты жана 2 турбоагрегат резервде турат.
20-октябрга карата ЖЭБдин кампасында 259,625 миң тонна көмүр бар.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү