Садыр Жапаров Канттагы төрт баласынан айрылган эненин маселесин чечүүнү тапшырды
Zobolo — Кант шаарынын тургуну Аруу Эмилбекова мамлекет башчы Садыр Жапаров менен болгон жолугушууда көз жашын төгүп, ажырашып кеткен жолдошунан балдарын кайтарып алууга көмөктөшүүнү суранды. Бул тууралуу ал президент эл менен жолугуп жаткан учурда билдирди.
Анын айтымында, 2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктун айынан жолдошу менен эки жолго түшкөн. Жолдошу бажы тармагында иштейт. Сот ажырашуу учурунда "үйүң жок" деген негиз менен төрт баланы тең атасына калтырып чечим чыгарган. Аруу Эмилбекова соттун чечиминен кийин беш жылдан бери балдарын көрө албай келе жатканын, мындан тышкары балдарына алимент төлөп жүргөнүн айтып ыйлады.
Муну уккан президент Садыр Жапаров маселени көзөмөлгө алып, тиешелүү тараптарга ишти кайра карап чыгып, балдарды энесине кайтарып берүүнү тапшырды.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү