21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Президент Садыр Жапаров совет доорунан бери документи жок турган айыл үйлөрүн мыйзамдаштырууну тапшырды

Президент Садыр Жапаров совет доорунан бери документи жок турган айыл үйлөрүн мыйзамдаштырууну тапшырды

• 1 мүнөт окуу • 48 көрүү

Zobolo — Президент Садыр Жапаров совет доорунан бери документи жок турган айыл үйлөрүн мыйзамдаштырууну тапшырды.

Мамлекет башчынын Чүй облусунун Москва районунун жашоочулары менен жолугушуусунда Ак-Торпок айылынын тургуну кайрылып, кайнатасынан калган үйдүн документтери жоктугунан аны өзүнө каттата да, жаңы курулуш жүргүзө да албай жатканын билдирген.

Президент жооптуу кызматкерлерге мындай учурларда жарандардын турак жайын документтештирип берүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, өлкө башчы совет мезгилинен бери жашап келе жаткандарга аталган үйлөрдү жеке менчикке арзан баада сатуу талабын койду.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар