Уулу каза болгондон кийин камактагы экс-депутаттын жубайы Садыр Жапаровго кайрылды
Zobolo — Мурдагы депутат Максат Кунакуновдун жубайы Кенже күйөөсүнүн мыйзамсыз камакка алынганын айтып, өлкө башчысы Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду. Анын айтымында, жолдошу алдамчылыктын курмандыгы болуп, үйү жана бизнеси тартылып алынган.
Бүгүнкү күндө сегиз баланын атасы, экс-депутат Максат Кунакунов Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») боюнча шектелип, Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) кармалууда.
Жолдошунун күнөөсүз экенин айткан Кенженин билдирүүсүндө бул иштин артында белгилүү адамдар турганы айтылат:
Максаттын мыйзамсыз камалышына Абдыманап Бегишев («Манап» деп таанылган киши) жана Улукбек Ырысбеков себепчи болууда. Алар жолдошумдун ишенимине кирип, алдап, биз жашап жаткан үйүбүздү жана бизнесибизи нотариалдык түрдө өздөрүнө өткөрүп алышты. Ага дагы тойбой, күйөөмдү каматып салышты, — дейт Кенже.
Үй-бүлөнүн айтымында, тергөө амалдары бир тараптуу жүрүп жатат, анткени «Манап» аттуу жарандын таасири күч экени билинип, СИЗО-1де ага окшоп алданган башка адамдар да бар экени айтылууда.
«Президенттин атын жамынып жатышат»
Кенже өлкө башчысына кайрылып, бул ишке көңүл бурууну өтүнөт:
Урматтуу Президент! "Манап" Сиздин атыңызды сатып, Президенттин айланасындагы адамдарга жакынмын деп, тергөө иштерине таасирин тийгизип жатат. Өздөрү ээлеп алган мүлктөрдүн ордуна Максаттан акча өндүрүп алууну көздөшүп, аны мыйзамсыз каматышты. Алдамчылыкка барган адам өзүнүн жашап жаткан үйүн жана үй-бүлөлүк бизнесин күрөөгө коюп, үй-бүлөсүн финансылык тобокелдикке алып келмек беле?
Урматтуу Садыр Нургожоевич, Сиз да атасыз. Сиздин да башыңыздан оор күндөр өткөн. Менин үнүм эч жакка жетпей койду. Бардык үмүтүм Сизде. Мага жардам бересиз деп ишенем.
Белгилей кетсек, жакында эле Максат Кунакуновдун үй-бүлөсүндө чоң кайгы болуп, 14 жаштагы уулу Амир каза тапкан. Коомчулукту дүрбөлөңгө салган бул окуядан кийин укук коргоо органдары абактагы Максат Кунакуновго баласынын жаназасына катышууга уруксат беришкен.
Үй-бүлө бул ишти адилеттештирип, реалдуу чындык ачыкка чыгышын талап кылып келет.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү