Сөгүш эмес, отставка! ӨКМ министринин отставкасын талап кылган коомдук толкун күчөдү
Zobolo — «Ала-Арча» улуттук жаратылыш сейил багында 15 жаштагы Амир Кунакуновдун каза болушу коомчулукта катуу нааразычылык жаратып, жоопкерчилик маселеси курч бойдон турат.
Президенттин чечими менен Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевге катуу сөгүш берилип, бир катар жетекчи кызматкерлер ээлеген кызматынан бошотулганына карабастан, социалдык тармактардын колдонуучулары министрдин толук отставкасын талап кылышууда.
Буга чейин ведомство башчылыгы куткаруу операциялары боюнча кызматкерлердин моралдык күнөөсүн сезерин билдирип, Аскер прокуратурасы тарабынан кайдыгерлик беренеси менен кылмыш иши козголгон болчу. Муну менен катар Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев комиссия түзүлүп, иштин жыйынтыгы чыгарыларын маалымдаган.
Анткен менен интернет колдонуучулар жана коомдук ишмерлер куткаруу иштерин уюштурууда кетирилген кемчиликтер үчүн ведомствонун жетекчиси жеке өзү жоопкерчилик алып, кызматын тапшырышы керек деп эсептешүүдө. Учурда болуп өткөн каргашалуу окуя жана министрдин отставкасы тууралуу пикирлер социалдык тармактарда кызуу талкууга алынууда.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү