Рыноктор USD 87.48 -0,00% EUR 98.21 +0,01% RUB 1.06 +0,77%
RU KG
Бишкек +11°C 21 Октябрь, Шаршемби
Соңку билдирүүлөр
Кыргызстанда үшүк жүрөт: дыйкандарга эскертүү берилди

Кыргызстанда үшүк жүрөт: дыйкандарга эскертүү берилди

• 1 мүнөт окуу • 17 көрүү

Zobolo — 23–25-октябрь күндөрү өлкөнүн бир катар аймактарында түнкүсүн жана эртең менен үшүк жүрүшү күтүлөт.

Чүй, Талас жана Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын температурасы -1…-3 градуска чейин төмөндөйт. Чүйдүн түндүгүндө, Таластын Кара-Буура районунда жана Ысык-Көлдүн Түп районунда үшүк -3…-5 градуска чейин жетиши мүмкүн.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2 градуска чейин суук болору болжолдонууда.

Адистердин маалыматына ылайык, мындай үшүк мөмө-жемиштерге, жашылчаларга, казылып алынган жана ачык калган картошкага, ошондой эле кант кызылчасына зыян келтириши мүмкүн.

Дыйкандарга түшүмдү сактоо үчүн алдын ала чара көрүү сунушталат.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар