21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Баш калааны вирус каптап, эки ооруканага кошумча 350 орун даярдалды

Баш калааны вирус каптап, эки ооруканага кошумча 350 орун даярдалды

• 1 мүнөт окуу • 667 көрүү

Zobolo — Борбор калаада сасык тумоо жана респиратордук инфекциялар кескин көбөйүп, кырдаал курчуп бара жатат. Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын сегиз бөлүмүндө кошумча 300, ал эми Шаардык балдар тез жардам ооруканасында 50 кошумча орун даярдалды.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, кырдаалдын олуттуулугуна байланыштуу өкмөт башчынын орун басары Улан Маматканов аталган эки ооруканага жеке өзү барып, бейтаптарды кабыл алууга даярдыкты текшерди.

Ал Саламаттык сактоо министрлигине бейтаптарды өз убагында жаткырууну, дары-дармектердин запасын толук камсыздоону жана ооруканалардын үзгүлтүксүз иштешин катуу көзөмөлгө алууну тапшырды.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар