21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Кыргызстандын U-17 курамасы бүгүн Түндүк Мариана Аралдарына каршы ойнойт

Кыргызстандын U-17 курамасы бүгүн Түндүк Мариана Аралдарына каршы ойнойт

• 1 мүнөт окуу • 251 көрүү

Zobolo — Бүгүн, 11-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 2027-жылкы AFC U-17 Азия Кубогунун тандоо турунун алкагында Кыргызстан жана Түндүк Мариана Аралдарынын курама командалары беттешет. Оюн саат 17:00дө башталат.

Бул кыргызстандык өспүрүмдөр курамасы үчүн турнирдеги алгачкы оюн болмокчу. Ал эми Түндүк Мариана Аралдарынын командасы тандоо турун 8-ноябрда Монголияга каршы өткөн беттеш менен баштаган. Ошол эле күнү саат 14:00дө ушул эле стадиондо тайпадагы экинчи оюн Монголия жана Йемен курамаларынын ортосунда өтөт.

Белгилей кетсек, 2027-жылкы AFC U-17 Азия Кубогунун тандоо этабына 34 улуттук курама команда катышып, 7 тайпага бөлүнүшкөн. Кыргызстан «F» тайпасында Йемен, Монголия жана Түндүк Мариана Аралдары менен бирге күч сынашууда. Бардык квалификациялык оюндар Бишкек шаарында өтүүдө. Мелдештин финалдык баскычы 2027-жылдын 12-майынан 29-майына чейин Өзбекстанда өтөт.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар