Кыргызстанда соңку төрт жылда 116 адам бөйрөгүн алмаштырды
Zobolo — Кыргызстанда соңку төрт жыл ичинде 116 адамга бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чүй облусунун тургундары менен жолугушууда билдирди.
Мамлекет башчысы жарандардын суроолоруна жооп берип жатып, бүгүнкү күндө өлкөдө гемодиализ да, бөйрөк алмаштыруу операциясы да толугу менен мамлекет тарабынан акысыз жасаларын белгиледи.
Буга чейин гемодиализ алганга жүз доллардан төлөп келишкен. Мен келгенден кийин мамлекеттик казынадан жылына беш миллиард сомго жакын акча бөлүп турабыз. Учурунда «донорум бар, Индияга барып алмаштырып келем» дегендер болгон. Азыр Бишкекте эки жерде операция жасалат. Донор тапкан болсо, бекер жасап беребиз. Башында 2800дөй гемодиализ алгандар донору бар экенин айтышкан. Кийин бекер кылып койгондон кийин мына, 116 адам гана бөйрөгүн алмаштырды, — деди президент.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда бөйрөктү акысыз алмаштыруу операциясы алгачкы жолу 2024-жылдын февраль айында жасалган. Ага чейин бейтаптар 7-8 миң доллар турган мындай операциялардын чыгымын өз чөнтөгүнөн төлөп келишчү.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө гемодиализ алган бейтаптардын саны 2010-жылдан бери эки эсеге өстү. Ал кезде 2,860 адам катталса, азыркы тапта алардын саны 4,478ге жетти. Өнөкөт бөйрөк жетишсиздигинен жабыркаган 4,500гө жакын бейтап аутсорсинг системасы аркылуу жеке менчик медициналык мекемелерден гемодиализ алышат.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү