Тиш доктурда каза болгон 3 жашар кыздын өлүмү: доктурдун энеси ырайым сурады
Zobolo — Бул каргашалуу окуя 2023-жылдын декабрь айында болгон. Бир жылдан кийин сот өкүм чыгарып, анестезиолог 6 жылга, тиш доктур Айганыш Кадыркулова 5,5 жылга, ал эми анын жолдошу Данияр Таалайбеков (документтерди жасалмалаганы үчүн) 5 жылга эркинен ажыратылган. Ошол кездеги КММАнын жетекчиси шарттуу түрдө соттолсо, жеке менчик стоматологиялык клиниканын директору акталган.
Гүлнара Кадыркулованын айтымында, кызы жеке менчик клиникада иштеп жүргөн, ал кийинчерээк мамлекеттик стоматологиялык клиника менен жасалма келишим түзгөн. Ал клиникалардын биринин жетекчиси акталып, экинчиси шарттуу жаза алганына карабастан, кызы менен күйөө баласы камакта калганын, ал эми алар кармалган учурда беш айлык баласы кароосуз калганын айтып, арызданды.
Макул, ырайым сурап, кат жазышсын. Алар кечирим берүү комиссиясына өтүнүч кат жөнөтүшү керек. Түрмө жетекчилиги бул тартипти жакшы билет, — деп жооп берди буга президент Садыр Жапаров.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү