Дагы бир базарда чуу чыкты. Базардын ордуна жол салынбай эле соода борбору салынганы жатабы?
Zobolo — Ош шаарындагы «Келечек» муниципалдык базарынын ишкерлери жаңы жерге көчүү алардын банкрот болушуна алып келгенин билдиришип, мэриянын алдына нааразычылыкка чыгышты. Алардын айтымында, көчүү, курулуш жана соода жайларын жабдуу үчүн насыя алышып, каражаттарын жумшашса да, мурдагы соода көлөмүн калыбына келтире албай калышкан.
Ишкерлер мурдагы базардын ордуна социалдык объектилер же жол тыгынын чечүү үчүн бош калтырылат деген жерге эми соода борборлору (ТЦ) курулушу ыктымал экенине тынчсызданышууда. Алар жер тилкесинин максаттуу багытын, шаар куруу документтеринин жана көчүрүү чечиминин мыйзамдуулугун текшерүүнү талап кылышууда.
Ошондой эле соодагерлер Оштогу башка базарлар калып, эмне үчүн жалгыз «Келечек» көчүрүлгөнүнө жана калыс мамиле жасалбай жатканына нараазы болушууда.
Мындан тышкары, Бакимат Осмонов көчөсүндө убада кылынган алты тилкелүү жолдун курулушу жана каражат маселеси жабык калып жатканын белгилешип, тарткан зыяндарын өндүрүп берүүнү суранышууда.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү