Синтетикалык баңгизаттарды кир жуучу порошок жана курулуш материалдары катары жашырышкан
Zobolo — Синтетикалык баңгизаттарды күнүмдүк керектелүүчү товарлардын кейпинде жашырышат. Бул тууралуу 20-октябрда түз эфирде ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын уюштуруу-аналитикалык башкармалыгынын башчысы Марсель Доталиев билдирди.
Анын айтымында, баңгизаттар кир жуучу порошок, ар кандай майлар жана курулуш материалдары катары жашырылган учурлар катталган. Биргелешкен аракеттердин натыйжасында синтетикалык баңгизаттардын ири партиялары аныкталган.
Доталиевдин маалыматына караганда, баңгизат жасоочу жашыруун лабораториялар көбүнчө эл аз жашаган, жол жок жана жетүүгө кыйын аймактарда жайгаштырылат.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Окшош жаңылыктар
•1 мүнөт окуу
Улуттук гвардиянын командири жоокерлерди өзүнө үй курууга мажбурлаганы кабарланды (видео)
Zobolo
17
•1 мүнөт окуу
Бишкекте унаа уурдап качып бара жаткан өспүрүм 16 жаштагы кызды сүзүп кетти
Zobolo
181
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү