Рыноктор USD 87.48 -0,00% EUR 98.21 +0,01% RUB 1.06 +0,77%
RU KG
Бишкек +11°C 21 Октябрь, Шаршемби
Соңку билдирүүлөр
Бишкекте унаа айдай качкан өспүрүм сүзгөн кыздын абалы айтылды

Бишкекте унаа айдай качкан өспүрүм сүзгөн кыздын абалы айтылды

• 1 мүнөт окуу • 287 көрүү

Zobolo — Бишкекте унаа сүзүп кеткен 16 жаштагы кыздын абалы орточо оор деп бааланууда. Учурда ал операцияга даярдалып жатат. Бул тууралуу Тез жардам клиникалык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Илим Манапов билдирди.

Анын айтымында, жабыркаган кыз кечээ №3 Балдар ооруканасынан которулган.

«Мээси чайкалып, буту сынган. Мындан тышкары, денесинде дагы бир нече жаракат бар», — деди Манапов.

Эске салсак, жол кырсыгы 16-октябрда саат 13:30 чамасында Бишкектеги Троицкий көчөсүндө болгон. Унаа уурдоого шектелген 17 жаштагы өспүрүм кайгуул кызматкерлеринен качып баратып, кызды сүзүп кеткен.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар