Бишкекте унаа уурдап качып бара жаткан өспүрүм 16 жаштагы кызды сүзүп кетти
Zobolo — Баш калаада унаа уурдоого шектелген 17 жаштагы өспүрүм кайгуул кызматкерлеринен качып бара жатып, 16 жаштагы кызды сүзүп, оор жаракат алган абалга жеткирди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы кабар берди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 16-октябрда саат 13:30 чамасында Троицкий көчөсүндө болгон. Өспүрүм BMW үлгүсүндөгү унааны айдап качып, алгач жол боюнда токтоп турган Howo жүк ташуучу унаасын сүзгөн. Андан соң жолдун сол тарабында турган кызды коюп, Toyota Land Cruiser унаасын сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен 16 жаштагы кыздын сол буту сынып, мээси чайкалган. Ал ооруканага жеткирилген.
Кайгуул кызматкерлери өспүрүмдүн жол эрежелерин одоно бузуп, кооптуу айдап бара жатканын байкашып, аны токтотууга аракет кылышкан.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү