Рыноктор USD 87.48 -0,00% EUR 98.21 +0,01% RUB 1.06 +0,77%
RU KG
Бишкек +11°C 21 Октябрь, Шаршемби
Соңку билдирүүлөр
Көчөдөн кастет таап алып, аэропортко алып келген жаран 50 миң сомго жыгылды

Көчөдөн кастет таап алып, аэропортко алып келген жаран 50 миң сомго жыгылды

• 1 мүнөт окуу • 15 көрүү

Zobolo — Чүй облусунун Сокулук райондук соту 2026-жылдын 8-октябрында мыйзамсыз курал алып жүрүүгө байланыштуу ишти карап, айыпталуучуга 50 миң сом айып пул салды.

Иштин материалдарына ылайык, «Манас» эл аралык аэропортунда болжол менен саат 07:45те учууга даярданып жаткан Нурбектин (аты өзгөртүлгөн) сумкасынан текшерүү учурунда темир кастет табылган. Кооптуу буюм рентген аппараты аркылуу аныкталып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Айыпталуучу кастетти туулган айылынан көчөдөн таап алганын жана аны алып жүрүүгө мыйзам менен тыюу салынганын билбегенин айткан. Ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, өкүнгөнүн билдирип, соттон жеңил жаза сураган.

Сот аны КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 1-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп таап, 500 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, башкача айтканда, 50 миң сом айып пул салган.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар