7 Ноябрь Бишкек +8°
Курстар USD 87.53 +0,00% EUR 98.30 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1943 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Президенттин кошунанын талашын, үй-бүлө чырын чечүүгө кийлигишүүсү эмнеден кабар берет?

Президенттин кошунанын талашын, үй-бүлө чырын чечүүгө кийлигишүүсү эмнеден кабар берет?

• 3 мүнөт окуу • 165 көрүү

Zobolo — Президент кайсы аймакка барбасын, сапардын жүрүшүндө сөзсүз эле тургундардын жеке маселелери көтөрүлөт. Кимдир бирөө үй-бүлөлүк чырын айтып келсе, дагы бири коңшусу менен болгон талашын чечип берүүнү өтүнөт. Айрымдары айылдагы эң жөнөкөй эле тиричилик маселесин мамлекет башчысына жеткирүүгө аргасыз болушууда.

Албетте, президенттин эл менен түздөн-түз жолугуп, көйгөйлөрүн угушу башкаруунун ачык-айкын жүрүп, жакшы иштеп жаткандыгынын белгиси. Элдин үнүн угуу, кайрылуусуна көңүл буруу ар бир бийликтин милдети болуп саналат. Бирок бул көрүнүш ар бир аймакта улам кайталана бериши "Жергиликтүү бийлик жана тиешелүү мамлекеттик органдар эмне иш кылып жатат?" деген олуттуу суроону жаратууда.

Эрди-катындын чатагы, кошуналардын талашы, жер, суу, көпүрө сыяктуу жергиликтүү деңгээлде эле чечиле турган маселелерди президентке чейин жеткирүү жөн гана элдин ажого болгон ишенимин көрсөтпөйт. Бул ошол маселелерди өз убагында чечүүгө милдеттүү болгон мамлекеттик системанын солгун иштеп жатканынан кабар берет.

Айыл башчы, айыл өкмөт, аким, облустук администрация, айтор, жалпысынан алып айтканда ар бир тармактын жооптуу кызматкерлери, жетекчилери бар. Алардын милдети көйгөй президенттин алдына жеткенде гана эмес, жаралган жеринде чечилишин камсыз кылуу эмеспи?!!

Жергиликтүү аткаминерлердин жоопкерчиликсиздиги же кайдыгерлиги элди аргасыз түрдө жогорку жакка коңгуроо кагууга мажбурлайт. Жарандар айыл өкмөтүнөн же акимден адилеттүүлүк таба албагандан кийин гана акыркы үмүт катары Президенттин келүүсүн же жеке кабыл алуусун күтүп калышат. Бул жергиликтүү бийликке болгон ишенимдин толук жоголгонунун белгиси болуп саналат. Эгер президентке чейин жеткен ар бир турмуштук көйгөйдөн кийин ошол аймактын жетекчиси же тиешелүү кызматтын башчысы катуу жоопкерчиликке тартылбаса, бул система эч качан өзгөрбөйт. Жазасыз калган кайдыгерлик кийин дагы жаңы көйгөйлөрдү жарата берээри анык.

Бүгүнкү санариптешкен доордо, электрондук кайрылуулар жана атайын ачык платформалар иштеп турганда, катардагы турмуштук маселелер жеке президенттик деңгээлге чейин жеткени министрликтердин жана ведомстволордун электрондук кайрылуулар менен иштөө системасынын дагы деле чабал экенин көрсөтөт.

Арийне, мамлекет башчысы калктын ички көйгөйлөрүнөн кабардар болуп турганы туура. Бирок ар бир маселени кол менен «колдон башкаруу» аркылуу чечүү системанын туруктуулугун алсыратат. Мамлекеттин күчү жеке бир адамдын чечиминде эмес, баардык муундардын бирдей, механикалык түрдө үзгүлтүксүз жана так иштешинде. Качан гана жергиликтүү бийлик эл алдында толук отчет берип, ар бир кайрылууга өз убагында жооп берүүнү үйрөнгөндө гана биз чыныгы өнүккөн башкаруу системасына жетишебиз

Президенттин убактысы жана саясий ресурсу өлкөнүн өнүгүү стратегиясына, экономикага, инвестицияга, энергетикага, билим берүү менен саламаттык сактоого, коопсуздукка жана тышкы саясатка жумшалышы керек.

Эгер ар бир айылдын турмуш-тиричилик маселеси мамлекет башчысынын жеке кийлигишүүсү менен гана чечилсе, анда башкаруунун калган баскычтарынын жоопкерчилиги кайда калат? Андан да маанилүүсү, президент бир көйгөйдү чечип бергени менен ошол көйгөйдү жараткан же чечпей келген системаны өзгөртпөсө, эртең анын ордуна дагы миңдеген кайрылуулар келе берет.

Албетте, элдин президентке кайрылуусуна тыюу салуу керек дегенден алыспыз. Тескерисинче, жарандардын үнү угулушу шарт. Бирок баардык көйгөйдүн баарын мамлекет башчысына жүктөп салууга болбойт. Ар бир мамлекет ызматкери өз ишин так, даана аткара билүүсү шарт. Бул үчүн ар бир кызмат жетекчилерин мамлекеттик органдар тизгиндеп, ишин кылдаттык менен текшерип туруусу абзел.

Ажо ар бир үй-бүлөнүн чатагын чечип жүргөндө, өлкөнүн стратегиялык чоң маселелерин ким чечет?.. А балким, президенттин аймактарга болгон сапарларынын жыйынтыгын ал жактан канча адам кабыл алынганы менен эмес, канча көйгөй жергиликтүү бийлик тарабынан өз алдынча жана сапаттуу чечилгени менен баалоо мезгили келгендир.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар